www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн өкүлү Канатбек Азиз Эмилбек Кимсановдун Райымбек Матраимовго карата койгон доосуна жооп берди. Видеону чыгарган дарек Кимсановдун өзүнүн телефонунан жөнөтүлгөнү аныкталды деп жергилдиктүү ЖМКлардын бирине билдирди.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Кимсанов ага Райымбек Матраимов “журналист Али Токтакуновду өлүк же тирүүлөй алып келесиң” деген буйругун бергендигин айтып чыккан.

Жактоочу Канатбек Азиз видео тууралуу комментарий берип жатып, бул кезектеги шантаж жана кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн жасалган иш деди.

“Булар Райымбек Матраимовдун жана кайрымдуулук фонддун кылган аракетине ыплас технологияларды колдонуп кара пиардын үстүндө иштеп жатышат. Жалпысынан бул жалган. Биз Али Токтакуновго ден-соолук каалайбыз. Биз өзүбүздүн жолубузду тандаганбыз, биздин актыгыбызды сот аянтында гана далилдейбиз“,- дейт Канатбек Азиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости