www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги ишкер Урмат Барыктабасов менен баарлашып,  бир эмес, 300-400 миллион сом боло турган эки имаратын элине берейин деген чечимди эмне үчүн кабыл алганынын себебин сурадык. 

--Урмат мырза, бир эмес эки имаратты элиме берейин деген чечимге келдиңиз. Мындай марттык чечимге келишиңизге эмне себеп болду? 

--Андай чечимге келишимдин беш себеби бар. Кыйын кырдаалда өкмөт, президент баш болуп, карыз сурап, айлаларын таппай калды. Айрымдар “Кумтөрдү” сатып, кырдаалдан чыгалы деген да сунушун берип жиберди. Ойлонуп отуруп, “Кумтөр” элдики. Аны сатпай эле коёлу. Андан көрө менин 300-400 миллион сом боло турган имараттарымды саталы, сатыктан түшкөн каражатты элдин керегине жумшайлы деген чечимге келдим. Бул биринчиси. Экинчиси, элимдин турмушу оорлоп,  үй бүлөдө жетишпеген жашоонун айынан ызы-чуу көбөйүп, ажырашкандардын саны күндөн күнгө көбөйүп жатканы ойго салды. Менин имаратымдан түшкөн акча ошол жетишпеген турмуштун айынан ажырашууга аргасыз болгондордун  үй бүлөсүн сактап калсын, ошолордун зарылчылыгына жумшалсын деген ойдо ушул кадамга бардым. Үчүнчүсү, дүйнөнү коронавирус каптап ансыз да жардамга муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын турмушу ого бетер оорлоду, кароосуз калды. Ошолордун маселеси чечилсин, менин имаратымдан түшкөн каражаттын бир бөлүгү алардын керегине жарасын деп ушундай чечим кабыл алдым. Төртүнчүсү, коронавирустун айынан Кыргызстанга келе албай ара жолдо калган мекендештерибиздин каййрылуулары жүрөгүмдү эзди. Ойго салды. Аларды жээрибей, кыйнабай, азапка салбай Кыргызстанга алып келели. Алар бизге керек. Биздин жарандарыбыз. Азапка салбай өз мекенине Кыргызстанга алып келели деп ушундай чечимге келдим. Менин имаратымдын акчасы мына ушундай маеслелерди чечүүгө колдонулса деген ниеттемин. 

Бешинчиси, бул кадамым менен байларга үлгү болоюн дедим. Анткени, Кыргызстанда байлар көп. Айрымдары маска берип коюп эле элге кыйратып жардам бердим, коронавирус менен күрөшүүгө салым коштум деп отурушат. Ошолор намыстансын, алар да элге жардам бергенден аянбасын, мамлекетибизди сактап калууга кол кабыш кылсын. Элибизге кам көрөлү, мамлекетибизди кыйынчылыктан сактап калалы, жардамга муктаждарга кол суналы деген максатта бердим. 

--Жакшы тилек, чоң максаттар менен берген имаратыңыздын каражаты сиз ойлогондой жумшалбай калса, кимдир бирөөлөр аз-мазын сугунуп койсо ичиңиз ачышып өкүнүп калбайсызбы?

--Элиме бергениме ичим ачышпайт. Ичим ачышпаганы үчүн берейин, элим менен тапканымды бөлүшөйүн деп жатам да. Каражатты берип эле отуруп калбайбыз. Туура багытта жумшалышын эл, журт менен кошо көзөмөлдөйбүз. Каражатка көз арткандарга сугунтпайбыз. Ал турсун бийликтегилер келишим түзүп беришсе эле өзүм эле чартердик рейс заказ кылып  бирөөлөргө түйшүк жаратпай эле мекендештеримди  Кыргызстанга алып келип коёт элем. 

--Сиз мамлекетке берейин деген имаратты эмне үчүн “Кумтөргө” сатканды туура көрүп турасызбы?

--Балыкчыда, “Кумтөрдүн” ишканасы жайгашкан,  ошон үчүн алар керектеп алат деген максатта бийликтегилерге “Кумтөрдүн” жетекчиси менен сүйлөшүп бергиле деп кайрылып жатам да. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости