www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто аял кишилер күйөөлөрүнө кол көтөргөн 7 учур катталды

Ошто аял киши күйөөсүнө кол көтөргөн 7 учур катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйында билдирди.

Жыйында комендантка Ош аймагында карантин маалында катталган үй-бүлөлүк зордук зомбулук жана башка кылмыш-кырсыктар тууралуу суроо узатылды.

"Жалпысынан Ош облусу жана Ош шаары боюнча 65 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган. Анын ичинде бир гана жубайлар ортосундагы эмес, ага-ини урушуп кеткен учурлар, кайнене келин урушкан учурлар дагы кездешет. Мындай фактылар пандемияга чейин деле болуп келген. Кайра жарашып алган учурлар бар. Ошондуктан бул окуялардын бардыгына эле иш козголгон эмес. Мындай учурларды факты катары каттайбыз жана бузуулар кодексинин негизинде чара көрөбүз. Жалпысынан кылмыштуулук төмөндөдү", - деди Малик Нурдинов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости