www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков түз эфирде Жалал-Абад облусунун жана анын ичинде өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча  сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандар боюнча төмөнкүлөргө токтолуп өттү:

- Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.

2020-жылдын 19-апрелинен 20-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында  баары болуп – 26 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 7 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. 26 кылмыштын баарынын бети ачылган.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 1780 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан - 4 атуул, ал эми Сузак районунан – 2 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 99 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 109 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, санитардык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди бузган, б.а. бет каптарын коомдук жайларда тагынбай жүргөн – 15 жаран аныкталып, санитардык кызматтар менен биргеликте чаралар көрүлдү. 

Ошондой эле брифингдин аягында жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасап – “Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам  жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактап өзүңүздөрдүн ден соолугунуздарга кам көрүңүздөр.

Ошол менен бирге -  “тазалык ыймандын башаты”,  “Тазалык - бул адептүүлүк” демекчи, баарыңыздарды тазалыкты сактоого жана адептүүлүккө чакырамын, -  деди Жеңиш Жоробеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости