www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеңешбек Айтикеев сүйүүнүн күчү тууралуу айтып берди

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Кеңешбек Айтикеев сүйүүнүн күчү тууралуу пикирин жазып чыкты.

"Жакшылыкты ааламды жараткан Теңирим да, адамдар, айбандар да колдошот, ыраазы болот. “Жалгыз дарак токой болбойт” деген сыяктуу жакшылык жасоого да жардамчы керек. Ал – сүйүү. Жүрөгүң менен берилип жасаган буюмун, жасаган иштериң өзүңө да, элге да баарына жагат. Сен сүйүп алган кесибиң аркылуу кол өнөрчүлүгүң менен жашоо үчүн адамдарга жакшылык жасап жатасың.

Адамдардын, элди, жерди, Кудайды сүйүү менен б.а. сүйүүнүн күчү менен жердеги, ааламдагы пайдалуу энергияны күчөтөт, терс энергияны азайтат. Бир сөз менен сүйүү аркылуу адамдарга, айбандарга жардам берип, жакшылык жасап, аалам менен жерде жашоону жакшыртат.

Жүрөгүң менен сүйүп ушуга жакшылык жасайын деп дарыласаң, Кудайым шыпаасын (тилегин берип) берип ар кандай оору айыгат. Сүйүүнүн энергиясы жашоонун дарысы, өмүрдү узартат, аалам менен жердеги жашоону жакшыртат.

Сүйүү – ынтымактын, ырыскынын, аалам менен жердин, адамдардын биримдигинин булагы. Сүйүүсүз жашоо көркүсүз, өткөргөн өмүр көрксүз. Жүрөгүңдө боорукердик, мээрим, сүйүү болмоюнча эч кимге, айбанга да жакшылык жасай албайсың.

Жакшылыктын жардамчысы – сүйүү. Эгерде бардык адамдарда боорукердик, мээрим, аёо жана сүйүү сезими болсо анда эч качан кыямат болбойт. Жалпы элдин пейили бузулуп, Кудайга жакпаган арамдык көбөйгөндө аргасыздан элди тартипке чакыруу үчүн кыямат башталып, кырсык, оору көбөйүп, Кудай тарабынан эскертүүлөр берилет. Бирок сүйүү, ак ой, жакшылык, боорукердик баарын жеңип, жакшы жашоону камсыз кылат.

Мисалы, жаратылышты сүйсөң жаратылышка жамандык жасай албайсың, айбандарды сүйсөң ата албайсың, жашоону сүйсөң жакшылык жасагың келип турат. Адамды сүйсөң душманыңа да жамандык каалабайсың. Сүйүү Жанды сактоого жөндөмдүү. Сүйүү ааламдагы илим берүүчү казынаны (компасын) сактап турат. Сүйүү ааламдан илим алууну камсыз кылат. Анткени Теңирим сүйгөн пендесине ааламдан Аян илимин насип этип тартуулайт. Сүйүү менен жакшылыктын аягы ар дайым жеңиш менен аяктайт.

Ийгиликтин ачкычы – сүйүү жана жакшылык. Жакшылыктын жүзү жарык, жамандыктын жүзү чарык. Жамандык менен жакшылыктын күрөшү түбөлүктүү. Себеби жамандык менен жакшылыктын күрөшү адамдын сезиминде, оюнда б.а. адамдын ички дүйнөсүндө ошондой эле ааламда жана жер түбүндөгү жашоодо ал жерде жардам берүүчү рухтар, зыян берүүчү рухтардын күрөшү да түбөлүктүү.

Жамандык менен Жакшылык, ак күч, кара күч – жашоонун негизи. Күрөш болбосо өсүү, өркүндөө жок. Өсүүнүн б.а. прогресстин булагы – сүйүү менен жакшылык. Бир сөз менен жашоо – бул пайдалуу энергия толкуну менен пайдасыз (зыяндуу) энергиянын ортосундагы карама-каршы күрөшүү. Себеби адамда, аалам да, ой да энергиядан турат. Энергия – күч, Сүйүү да күч, күйүү да күч. Сүйүүдөн өлгөндөр да, күйүттөн өлгөндөр да бар. Жаратып тургузган да күч, бузуп талкаланган да күч. Адамдын денесинде дарылоочу энергиянын да күчү бар, бир карап көзү тийип өлтүрүүчү да, көз энергиянын зыяндуу күчү бар.

Демек, карама-каршысыз жашоо жок. Өзүңө-өзүңдүн оюң каршы, сезимиң каршы, акылың каршы, эки көзүң каршы, оозуңдан чыккан сөзүң каршы. “Сөзүнөн жаңылган турбайт” деген сөз бар. Сөздүн да күчү бар, сөз менен дарылайт, сөзү менен уулап жабыркатып өлтүрөт, айыкпас ооруга чалдыктырат. Сөз ок деп коёт. Баарын башкарган ой. Жакшы ойлосоң жакшылык, жаман ойлосоң жамандыкка туш болосуң. Ойдун күчү – сенин денеңдеги энергиянын күчү", - деп Кеңешбек Айтикеев жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости