www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук билим берүү институту тарабынан дистанттык жана онлайн билим берүүнүн сапатын көтөрүү аракеттери жүрүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде 16-марттан жалпы билим берүү уюмдары мөөнөтүнөн мурда каникулга  чыгышкан.

Ал эми мектепке чейинки мекемелер(балдар бакчалары) 20-марттан ишин токтотту. Бүгүнкү күндө Ош  облусунун 543 жалпы билим берүүчү мектептеринин  окутуу дистанттык формада жүргүзүлүп жатат.

Облуста 17954 мугалим 238726 окуучу  менен 4-чейректи  дистанттык ыкма аркылуу окутуу боюнча даярдык иштери 7 район, 1 шаардык  билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилиги,  метод кабинеттеринин усулчуларынын көмөгү менен ыңгайлуу ыкмаларды пайдалануу аркылуу даярдык иштер жүргүзүлгөн.

Ош билим берүү институтунун кызматкерлери атайын группаларда усулдук жардамдарды  берүүдө жана сапатын көзөмөлдөп жатат.

411 мектепке чейинки мекемелердин ( балдар бакчалардын) ата-энелери менен кенже курактагы 37538 балдарга өнүктүрүү боюнча да дистанттык ыкма  менен байланыш жүргүзүлүүдө. Интернеттин жетишпестиги орун алган учурлар бар, zoom жана WhatsApp тиркемелерин аркылуу  слайд жана видео материалдар жөнөтүлүп, кайтарым байланыш түзүү  аракети болуп жатат. Мындан сырткары ,"Баластан", "Илим, билим каналдары аркылуу теле сабактар пайдаланылууда.

Чоң- Алай районундагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү айрым үй-бүлөөлөргө телевизорлор алынып берилгенин билдирди.

Ош облусунун билим беруу кызматкерлери КР  Билим беруу жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн "Убактылуу штаб", "он-лайн сабактар", "480 саат.."... группаларына, онлайн сабактардын уюштуруу боюнча өткөрүлуп жаткан көрсөтмөлүү семинарларга, түрдүү иш-чараларга активдүү катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости