www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канттын 84 жаштагы тургуну Анна Левочкинага Кант шаарынын мэриясы өзгөчө абал жана карантин учурунда гуманитардык жардам берген жок. Бул тууралуу пенсионер өзү журналисттерге билдирген.

Анын айтымында Кыргыз айыл-чарба техникасынын эсеп өлүмүндө 30 жылдан ашуун эмгектенген жана азыркы учурда жалгыз жашайт. Ошону менен бирге пенсионерге эч ким жардам бербейт.

“”Бизге жергиликтүү бийликтен ун, май таратып жаткан кишилер келишкен. Бирок мен пенсия алганымды жүйөө келтиришип, мага гумжардам берүүдөн баш тартышты”,-дейт Левочкина.

Ал азык-түлүккө өтө муктаж болгондугун белгилеген. Бирок кечээ 19-апрелде Ысык-Ата РИИБинен жардам келген.

“Мен эми мэрияга же райадминистрацияга ишенбейм. Анткени мага алар жардам берген эмес жана бербейт дагы. Милиционерлерге ыраазычылык”,-деп сөзүн аяктаган Канттын тургуну.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости