www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирбек Кожоев: «Убада берип, аткара албай калгандан корком»

- Көлгө губернатор болгонуңузга аз гана убакыт болду. Бул убакыт ичинде облус аймагындагы кандай орчундуу маселелер менен тааныштыңыз?

- Ооба, туура айтасыз, дайындалганыма жарым ай болуп калды. Ысык-Көл облусу менин кичи мекеним жана буга чейин облус аймагында бир катар кызматтарда иштеп келгем. Андыктан, көйгөй маселелери менен жакындан таанышмын. Өткөн жумада бир катар министрлер менен жолугуп, облус ичиндеги айыл аймактардын тургундарынын маселелерин жеринен карап чыгууга атайы графиктерди макулдашып келдим. Жакында эл менен жолугууларды баштайбыз.

- Быйыл жайкы сезонго болгон даярдыктар, андагы өзгөчөлүктөр кандай болот?

- Бизде жайкы туристтик сезон майдын ортосунда ачылды. Өзүңүздөргө маалым болгондой, Ысык-Көл облусу Кыргызстанда туризмдин чордону болуп эсептелет, андыктан, алдыбызда чоң жоопкерчиликтер турат. Учурда «Тамчы» эл аралык аэропортунда жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден жети каттам ачылган. Туризмдин негизги багыттары өнүгүп келе жатат.

Алар: медициналык, экологиялык, спорттук, маданий жана башкалар. Белгилей кетсем, былтыркы пандемиянын таасири тышкы туризмге гана эмес, ички туризмге дагы басым жасообуз керектигин көрсөттү. Азыр атайын ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган аянтчаларды ар бир облуста жайгашкан эс алуу жайларында ачууну пландаштыруудабыз.

- Көл аймагынын экологиялык көйгөйлөрү жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

- Негизинен биздин экологиялык көйгөй – бул саркынды топтоочу, таштандылар төгүүлүүчү жайлар болуп эсептелип келген. Бул маселелерди чечүү максатында эл аралык донорлор менен иш алып баруудабыз. Мисалы, Каракол жана Балыкчы шаарларынын саркынды сууларды чыпкалоочу жайларын реконструкциялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

- Теңиз Бөлтүрүк менен «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү» фондунун жол-жобосун өзгөртүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду окшойт. Анда сиз кандай өзгөртүүлөр, көзөмөлдөр болуш керек деп эсептейсиз?

- Рахмат, жакшы суроо. Теңиз Бөлтүрүк мырза менен бир катар маанилүү делген көйгөйлөрдү, анын ичинде «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунун каражаттарын көзөмөлдөө, ачык-айкын бөлүштүрүү жана байкоочу кеңештин курамы боюнча сүйлөштүк. Алдыда пландар көп.

- Жалпы көл аймагын өнүктүрүү үчүн эң ириде эмне керек жана эмнеге басым жасоо зарыл?

- Убада берип, аткара албай калгандан корком. Андыктан бул темага кийинчерээк жооп берсем туура болот го. Алдыда пландар көп, аларды ишке ашырууга аракеттерди көрүүдөбүз. Жакынкы арада буюрса жакшы жаңылыктар менен кабардар болосуздар деп ойлойм.

Булак: Азия News гезити

Последние новости