www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болду

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна Кайрат Осмоналиевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында маалымдалат.

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиевдин айтымында, Осмоналиев 2010-2016-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын проректору болуп эмгектенген.

«Ал англис тилинде эркин сүйлөйт. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда экономикалык, саясий жана башка багыттарды өркүндөтүү маселеси турат. Биз Кайрат Осмоналиевдин талапкерлигин колдоп берүүнү суранабыз», - деди ал.

Кайрат Осмоналиев учурда БШКнын мүчөсү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости