www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 9-11-июнунда Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда өтөт.

Расмий иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бизнес-форумга да катышат.

Ошондой эле ал Түркиянын борбору Анкара шаарында иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары, студенттери жана диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушат, деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости