www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Судьялар кеңеши президент Садыр Жапаровго Чүй облустук соттун судьясы Дамирбек Оңолбековду иштен алууну сунуштады.

Судьялар кеңеши Оңолбековду судьялык ыйгарым укуктарынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизүү боюнча чечим кабыл алганы айтылат.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйынын жыйынтыктап жатып облустук соттун төрагасы жумушуна мас болуп келген видеону көрсөткөн. Кадрдан судья бутуна тура албай мас болуп, кабинетине келип эшигин ача албай жатканын көрүүгө болот. Ары-бери темтеңдеп жатып бир саамдан кийин иш бөлмөсүнө кирген.

Андан соң мамлекет башчы Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакировага кайрылып, бул судьяга тез арада чара көрүүнү сунуштаган. Ошондой эле соттор өздөрү оңолмоюн эч бир реформа максатына жетпей турганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости