www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орхан Инанды элчиликке кирип кетти деген маалымат боюнча факт жок. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитет жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.

«Элчиликке кирип кетти, ошол жакта кармап отурат дегенге факт жок. Бул анын аялынын айткан сөзү», – деди ал.

Ал эми Ички иштер министрлиги «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти, кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө иштеринин алкагында Түркиянын элчилигин тинтүү үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылганын ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Бирок тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Вена конвенциясына ылайык, имаратты тинтүү үчүн элчиликтин уруксаты керек экенин белгилеп, кат менен жооп бергенин кошумчалады.

«ИИМден келген катта Орхан Инанды Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратына келгени боюнча маалыматыбыз бар-жогу боюнча гана сураган. Элчиликтин имаратына кирүү үчүн ИИМдин тергөө кызматынын маалыматы керек болот. Ошого таянып, биз элчиликке кайрылабыз», - деди Айбек Артыкбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости