www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров көрсөткөн видеодогу мас төрага үн катты

Чүй облустук сотунун төрагасы Дамирбек Оңолбеков мас абалда видеокамерага түшүп калганы боюнча маалымат берди.

Ал бүгүн, 7-июнда АКИpress агенттигине мас абалдагы видеосу бир жыл мурун 2020-жылы 4-июлда тартылганын айтты. Ал күнү ишемби — дем алыш күн болчу.

«Ал учурда коронавируска байланыштуу абал оор болчу. Көпчүлүк кызматкерлер ооруп жатышкан, бирок биз жумушка чыгып турганбыз. Баары ачуулуу болчу», - деди ал.

Оңолбеков эгерде президент Садыр Жапаров бул окуя боюнча тиешелүү чара көрүш керек экенин айтса, ал туура чечим экенин билдирди.

«Мен кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздым. Мени эч ким мажбурлаган жок, бул менин чечимим», - деди Оңолбеков.

Ал ыңгайсыз болуп жатканын дагы кошумчалады.

«Мен бул видеону президентке ушундай өңүттө берген адамдарга ден-соолук каалайм», - деди Оңолбеков.

Судьялар кеңешинин чечими менен президентке Дамирбек Оңолбековдун төрагалык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу сунушталганы дагы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны өттү.

Анын алкагында президент Садыр Жапаров катышуучуларга Чүй облустук сотунун мас абалдагы төрагасынын видеосун көрсөттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости