www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баланын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук уюмунун директору менен маек.

- 1-июнь – балдарды коргоо күнү Кыргызстанда өз максатына жетип жатабы?

- Негизи ушундай күндөр болушу керек. Бирок, бул күндү жөн эле майрамдап койбой, маанилүү кылуу шарт. Өзгөчө Кыргызстан үчүн. Себеби, бизде жылдан жылга балдардын укугун коргоо шарттары, программалары, мыйзамдары иштебей келет. Алар азыркы оор кырдаалга жооп бербей атат. Ошон үчүн бул күнү балдарга байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүп, чечкиндүү чараларды карап чыгуу зарыл.

- Балдарды коопсуз чөйрөдө багуу үчүн эмне кылуу керек?

- Бизде ар бир үйдө ата-энеси миграцияда жүргөн балдар бар. Алар жакшы каралбайт. Ага мониторинг кылган эч ким жок. Эмгек миграциясына көбүнчө алсыз ата-энелер кетет. Ал эми алардын балдары алсыз үй-бүлөдө калууда. Балдарды карамагына алгандар мигрант ата-энеден акча күтүп, өз үй-бүлөсүн да ошонун эсебинен бакканга аракеттенүүдө.

Балдарды коопсуз чөйрөдө багыш үчүн баланы көзөмөлгө алган тарап сөзсүз түрдө окутуудан өтүшү керек. Себеби, чоң адамдар тарабынан балдарга карата ар кандай зомбулук кылуу өсүп баратат. Ошондой эле балдарды карай турган атайын социалдык кызматкерлердин болушу дагы шарт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости