www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрына белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кол койгон. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Азамат Болгонбаев 1983-жылы 29-октябрда Бишкек шаарында туулган. 2000-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайынын “Оркестр жана хор дирижерлугу” факультетинин акын жана дастанчылык өнөрү боюнча сабакты КР эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин классынан алган.

Эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев буга чейин «Айтыш» коомдук фондунун жооптуу катчысы, төрагасы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (учурда университет) салттык музыка жана фольклор кафедрасынын мугалими, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» тобунун солисти, «Салттуу музыка» коомдук фондунун аткаруучу директору жана КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү кызматтарында эмгектенип келген.

Ал кыргыз-казак айтыш өнөрүндө бир канча ирет байгеге татыган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости