www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Тажиктер Баткен, Лейлектен чыгып кеткенден кийин биз Чоң-Алайды бекемдешибиз керек болчу», - деди бүгүн, 7-июнда NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Сонунбүбү Кадырова.

- Тажиктер неге Чоң–Алайдагы талаштуу жерге контейнер орнотуп, Кыргызстан үчүн кооптуу жагдай жаратышты?

- Алар Баткенге кирип келгенде өз максаттарына жетпей калышкан. Канча сүйлөшүү, макулдашуу болгону менен алардын негизги максаты кыргыздардын тынчын алып, айласын түгөтүп, жерди күчкө салып тартып алуу. Ошондуктан, тажиктер Баткен, Лейлектен чыгып кеткенден кийин биз Чоң-Алайды бекемдешибиз керек болчу.

Тагыраагы, бул күтүлгөн эле нерсе болчу. Эми тажиктер менен чектеш болгон жердин баарын өтө катуу көзөмөлдөшүбүз керек. Күчтүн баарын ошондой чектеш аймактарга жумшашыбыз зарыл. Абал турукташып калды деп уйкусуроонун, аларга ишенүүнүн кереги жок.

- Эмне үчүн тажиктер баш көтөрөр замат эле аларды Россия тукуруп жатат деген маалыматтар айтылып калып жатат. Чын эле Россиянын максаты эки элди бири-бирине каршы тукуруубу?

- Ал эми Россия мурдагы өздөрүн улуу держава деген күндөрүн сагынып, ошондой мезгилге жетүүнү кыялданып жаткандай. Себеби, өздөрү кенен канат күүлөп көнө түшкөн немелер эмнегедир ошол күнгө кайткысы келип турган чагы. Россия Москванын Жеңиш парадында тажиктердин лидери менен жалгыз калганы да көп нерседен кабар берет.

Тагыраагы, биздин президент менен жолугуп, кабыл алып койгонун тилектештик деп түшүнүүнүн кажети жок. Саясатчылардын отуз жерде өтү бар болот. Ошондуктан, биз өтө сак болгонубуз оң. Азыркы саясат саясатчыларды мурдагыдан да сергек жана сезимтал болууну талап кылып турат. Эмнеси болсо, мамлекет башчыларыбыз өтө сак болушу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости