www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев "Юстициянын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси" атайын чинине ээ болду.
Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону айтылат.
"Башкы прокурорго юстициянын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын чини ыйгарылды. Бул генерал-лейтенант наамына тете", — деп айтылат билдирүүдө.
Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашкан соң Башкы прокурор болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg