www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Түркиянын Бишкек шаарында жайгашкан элчилигин текшере албайт. Буга ыйгарым укуктары жок экенин министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин 7-июндагы отурумунда айтты.

1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды элчиликке байланыштуу билдирүү тараткан. Ал жолдошу Түркиянын элчилигинде экенин айткан болчу.

Депутат Абдывахап Нурбаев милиция кызматкерлери Рейхан Инандынын билдирүүсүн текшерүүгө алганын сурады.

«Текшерүүнүн алкагында Тышкы иштер министрлигине жана элчиликке кат жөнөттүк. Бирок өзүңүздөр билгендей, келишим боюнча ар бир элчиликте кол тийбестик бар. Текшерүү өлкөнүн жетекчиси, президент Эрдогандын (Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган) уруксаты менен гана мүмкүн.

Бирок биз ал (Орхан Инанды) имаратта экени тууралуу маалымат бар деп кат жолдодук. Азырынча маалымат ала элекпиз», - деди министрдин орун басары.

1-июнга караган түнү «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири — Кыргызстандын жараны Орхан Инанды дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Ал үйүнөн 31-майда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен. Саат 21:00дө жубайы менен телефон аркылуу байланышкан. Түндө саат 4:20да милицияга Орхан Инанды дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости