www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-февралда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Австрия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси айым Андреа Бахер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана жаштар саясаты чөйрөсүндө кыргыз-австрия кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле биргелешкен маданий-гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл кесиптик билим берүү, музей иши жана маданий мурастарды сактоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө бурулду.

Мирбек Мамбеталиев австриялык делегацияны 2026-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-австрия маданий-гуманитардык кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экенин ырасташты.