www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн,1-февралда Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров Сокулук районундагы "Ак-Куу" ишканасына расмий эмес иш сапары менен барды. Облус башчысы Мирбек Мияров аталган жайдын азыркы абалынан кабар алып, ишкананын жетекчилиги менен баарлашты.
Чүй облусуна химиялык эмес (органикалык) жер семирткичтерди жана малды бордоп семиртүүгө багытталган азыктарды өндүрүүчү завод куруу үчүн мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирип, "Ак Куу" ЖАК жетекчиси Нүргүл Малабаева менен Жашыл экономиканын келечегин талкуулашты.
"Кыргызстанда таза, табигый продукция өндүрүп, экономиканы өнүктүрүүгө салым кошуу зарыл. Аталган долбоордун алкагында сүйлөшүлгөн сөздөр, сунуштар кагаз бетинде гана калып, мерчемделген деңгээлге жетпей калбашы үчүн мамлекеттик деңгээлде колдоого алуу кажет" - деди, Мирбек Мияров.
Булак: NazarNews.kg