www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Мирлан Казылаевич, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка аттанып, шайлоо өнөктүгү соңуна чыгып бара жатат, шайлоочуларыңыз менен жолугуу улантылып жатабы?

--Тоң районунун Ак-Сай айыл аймагындагы шайлоочулар менен жолуктум. Аймактагы таза суу, сугат суу жетишсиздиги, мамлекеттик кызмат көрсөтүү, аскердик милдетти аракалоо, аскердик билет алууда жарандарыбыз туш болуп жаткан көйгөйлөрдү уктум. Албетте, элибиз колдоп берсе алар үмүт артып айтып жаткан маселелер жоопсуз калбайт деп ишендире алам. 

--Бир нерсени мисалга алсак болобу?

--Албетте...Анткени “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында айыл аймактарын өнүктүрүү, ар бир жарандын жашоо турмушун өзгөртүү башкы планга коюлган. Элет өнүксө эли бакубат, экономикасы кубаттуу мамлекет курулат. Ата-апаларыбызга, балдарыбызга болгон мамлекеттин камкордугу бекемделет.

Биздин партия бул үчүн аймактардагы айыл чарба, мал чарбасын өнүктүрүү, инфрастурктураны көтөрүү, социалдык маселелерди чечүүнүн жолун сунуш кылат.  Мен үгүт иштеринин жүрүшундө аны шайлоочуларга жеткирүүгө болгон мүмкүнчүлүгүмдү колдонуп жатам.

--“Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасын жергиликтүү тургундар кандай кабыл алып жатышат?

--Ак-Сай айыл аймагындагы шайлоочулар биздин партиянын программасынын реалдуулугуна ынанып, колдой турганын айтып, бата берип узатышты.

--Рахмат, алдыдагы саясый жарышта ийгилик.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости