www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирлан Баеков: “Нотаны билбейм, шыгым менен таанылдым...”

Чай кайнам

Бир ырчынын багын бир ыр ачат демекчи, “Кызыл өрүк” ырын укканыбызда Мирлан Баеков көз алдыңа келет. Айрымдары “Кызыл өрүк” деп атагандары да жок эмес. Ырчы менен бир чай кайнам убакытта баарлаштык.

- Мирлан мырза, атыңызды билбей калып, “кызыл өрүк” деп чакыргандар болгон чыгар?

- Ооба, дүкөнгө кирип калсам, же көчөдө бара жатканда “кызыл өрүк баратат” дегендерге кулагым чалганы бар. Мени элиме тааныткан ыр “Кызыл өрүк” болду. Албетте, сыймыктанам. Тасмаларда деле кездешет го, мисалга алсак актёр Мурат Мамбетовду “композ” деп алгандар бар. Анынсыңары мени деле “кызыл өрүк” деп атап алышканы кубаныч.

- Былтыры пандемиядан улам тойлор токтоду,  жарым жыл ичинде эмне менен алек болдуңуз?

- Чыгармачылыктын үстүндө издендим. Ырларды жаздырдым. Эми алардын ичинен элге жеткени “Өксүк ыры” болду. Дүйнө жүзүндө болуп жаткан азыркы илдет, бир топ жылга чейин элдин эсинен кетпес болду. Кийинки муундарыбыз дагы азыркы кырдаал жөнүндө тарых беттеринен окуп билери талашсыз. Кыргыз элим, буюрса ушундай оор күндөрдүн көбүн кечирдик, эми аз калды. Кудай буюрса, алдыда жакшы күндөр, жаркын келечек күтүп тураарына ишенели! Бул убакыттар жалпы адам баласын көп нерсеге үйрөтүп,көп нерсеге көзүбүздү ачты: ден-соолук кадырын, ынтымак, биримдик, сабырдуулук, адал-арам айырмасы. Сиздердин купулуңуздарга толот деген ишеним менен, азыркы кырдаалды чагылдырып, дагы да болсо жакшы күндөр келээрине үндөгөн чыгарма жаралып, элге сунушталды. "Өксүк ыры" ырынын клибин тарттык. Кудайым барыбызды оору-сыркоодон сактасын,оорубайлы.

- Пандемия учурунда үй тойлорго барууда коронавирус жугузуп алам деген коркуу сезим болгон жокпу?

- Андай ой таптакыр келген жок. Кыргызда чакырган жерден калба, чакырбаса барба дейт эмеспи андыктан ар бир чакырган жерге жакшы ой менен барып өз кызматымды аткарып жаттым.

- Чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү назик келет эмеспи, өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаалды кандай кабылдап жатасыз?

-Чынын айтсам саясатка кызыкчу эмесмин. Жашоо өзү ушундай тура. Интернетке кирсең да саясат, айтор, айлана-чөйрө бүт саясат. Өлкө жараны катары эртеңкибиз ойлондурбай койбойт. Мамлекетибиз гүлдөгөн мамлекеттер катарын толуктайт деген ишеним чоң.

- Бир учурда саясатчы болуп калам деп ойлойсузбу?

- Жок. Мен бул тууралуу ойлоп да көргөн эмес экем.  Саясатчы болуп коомго жаман көрүнгөнчө ырчы болуп элге жагымдуу маанай тартуулап жүргөнүм жакшы. Өз кесибимде өзүмдүн күйөрмандарымдын, элдин сый-урматына татып жүргөндөн өтөр бакыт жок. Азыркы элге кылган кызматым менен сыймыктанам. Мага ушул жетиштүү.

- Жашоодо басып өткөн жолду дагы бир жолу өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилсе кайсы катаңызды оңдойт элеңиз?

- Албетте ар бир адамдын басып өткөн жолунда катачылыктары бар. Адам ошол ката менен турмуштан сабак алып, кийинки кадамдарга жоопкерчиликтүү боло баштайт. Азыркы жашоомо ыраазымын. Бирок бул мүмкүнчүлүктү колдонууда нотаны терең казып окуйт элем. Мен нотаны билбейм болгону өзүмдүн шыгым  менен ырдап келем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости