www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу Өкмөттүн “кул жебестери” Текебаев, Дүйшөбаев, Асанов Ош жаңжаалы боюнча Башкы прокуратурага тергөөгө чакырылды. “Кыңыр иш кырк жылда” деп койот, бул жерде эмне деген “бомба” жарылбай турат? Садыр Жапаров Ош жаңжаалын териштирүү үчүн комиссия түзгөн. Бул тууралуу айтылып жүргөн сөздөр такталып, бул окуя эмне себептен улам чыкканы ачыктала баштады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Ташиев Камчыбек маалымат жыйынында 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча иликтенип жаткан иш жөнүндө суроого учкай жооп берген. Ташиев учурда коогалаңга тийиштүү кишилер аныкталып жатканын айтты: “Иш тергелип жатат. Катыштыгы бар кишилер аныкталып жатат. Жакында жыйынтыгын айтабыз”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата козголгон кылмыш ишин кайра тергей баштаган. Атайын кызмат кайра тергөө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталганын 16-апрелде билдирген. 2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, жүздөгөн адам каза болгон. 

Убактылуу өкмөт бийликке келгенден кийин «маскаларын» сыйрып салышып, өз жүздөрүн көрсөтө башташты. Банктын ячейкаларындагы миллиондордун изи сууду. Бийлик анархиясы башталып, туш-тараптан чуулгандуу окуялар чыга баштады. Ал кезде эл ишенген Өмүрбек Текебаев Батыштын Башмыйзамын «ксерокопиялап» отуруп алды. Ал Башмыйзамы кийин кыялданганына карабай, өзүнүн бутуна тушамыш болуп берип, түрмөнү көрүп келди. Элди баштап келген Алмазбек Атамбаев республикалык деңгээлдеги «отдел кадрга» айланган. Элдик революционер Темир Сариев «сотка» менен акча талашып жүрдү.

   Кадыржан Батыров баш болгон өзбек авантюристтер, калкты-калкка кайраштырып, азан чакырып кыргыздарды кыра баштады. Кыргыз калкы бизди кыра бер деп жөн жатып алмак беле, колдоруна союл кармашып, куралчандарга каршы чыгышты. Ошто чаң- тополоң 2010-жылы 11-июнда башталган. «Бака баштуу эркектен, алтын баштуу аял артык» дегендей, «бака баштуу» өкмөт эркек танаалар аялдарынын дамбалдарына баштарын катышып, Ошко бара албай жашынып калышты. Ошол кезде мамлекетти жетектеген Роза Отунбаева жаңжал болгон жерге бир-аз кечигүү болсо да барды. Жашынып жаткан эркектерге эл өз баасын шайлоодо беришкен. Кээ бирлери эптеп парламентке кыпчылып өтүшсө, кээ бирлерин эл бетине жаба түкүрүшүп жолотушкан жок. Ош окуясы көпчүлүк экс-оппозиционерлерди «эки кадам артка» сүрүп салды.

  «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» дешет эмеспи. Ушундай элдин башына каран түн түшкөндө Садыр Жапаров,  Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев сыяктуу саясатчылар үйлөрүнө бекинип жатып алышкан жок. Алар карапайым өзбек калкы менен ынтымакка келели дешип тоодон күргүштөп түшүп келаткан кыргыздардын алдын тосушуп, өзбек-кыргыз жаңжалын токтотууга болгон дараметин жумшашты. Эл деген калыс. Эл деген бир гана акыйкат баасын берди. Ош окуясы убагында ким жүрөктүү жана ким суу жүрөк экенин шайлоодо аныктады. Кыялы менен бийликти бөлүп алгандардын тамтыракайы чыкты.

Ошко кыргыздар 60-жылдардан кийин гана бара баштаптыр деген жомок.

Ошту ала топучан Батыров баштаган  «гангстерлер» таш-талканын чыгаргысы келди. Арийне, кыргыз мамлекети Ошту бутунан тургузду. Аны көрө албаган Кадыржан, Иномжонго окшогон журт бузарлар кыргыздарды жаманатты кылып Кыргызстандан жыйнап алган байлыгына ар кандай ушактарды таратып, кыргыз элине жалаа жаап жүрүштү. «Ичкен кудугуңа түкүрбө» дейт, Акаевдин учурунда май-талканды ушул кыргыз жеринен сугунушкан канкорлор урушту өздөрү баштап коюшуп, бет тырмаарлык кылып, кыргыздарга түртө салып турганына туура эмес.

Бул жерде калыстыкты айтууга келген Кильюнендин жыландын башын кылтыйткан отчетунда Ошко кыргыздар 60-жылдардан кийин гана бара баштаптыр. Эгерде Дешти-Кыпчактын түрктөрү азыркы Өзбекстанга 600 жыл мурун ооп келип, ал эми өзбек деген ысымды токсон боолуу ала топучандарга Иосиф Сталин азан чакырып токсон жыл мурун, совет бийлигинин учурунда койсо,  3000 жылдан бери Ошто кимдер жашап келишкен деген суроо туулат. Россиялык империянын тушундагы эл каттоо боюнча Ошто он миңдеген кыргыздар менен бирге, ошого тете сарттар жашап келишкен экен. Сарт деген калк сак, скиф,гунн сыяктуу өлүк калкка айланды.

Доктор Киммо Кильюнен жетектеген ИККнын кыргыздын кыжырына тийген  103 беттен турган кайталанма отчетун окуп отуруп аз болуп калган экен деген ой туулат. Бизде доктор Апас деген бар ушуну кошуп, дагы 103 беттен турган кыргыздын дооматын кошо жазса болмок экен. Докторлордун жазганын докторлор гана түшүнбөсө, жөнөкөй адамдардын тиши өтпөйт тура.

Мен калысмын деген Кильюнен шамшарын шартылдатып курчутуп турсун, эгерде Октябрь революциясына чейин Ошто бир өзбек жашады деген маалымат тапса мен мурдумду тосуп берейин,тең бөлө кесип алсын. Иосиф Сталин азан айтып атын койгуча өзбек деген калк өзү болгон эмес. Азыр деле ала топучандар ич ара канчага бөлүнөөрүн бир кудай,бир Каримов гана билер. Арийне кыргыз элин эки революция сынап көрдү.Сынаганда да катуу сынады, ар кайсы жактан күчтөр Түндүк-Түштүк, Анжиан-Арка кылып бөлгүсү келди. Бирок кыргыз деген кылымдан бери келаткан бир калк экендигин айкындады. «Учу бирге бөлүнөт, түбү бирге кошулат» дейт. Биз кыргыздар түбү бир атанын балдарыбыз. Түбүбүз бир болгондуктан  «кыргыз» деген ураан менен ынтымакка келдик.Өзбек эли токсон боолуу болгону менен тили, дини, түбү бирге түрк калкыбыз.

  «Өткөндү тапанча менен атса, тарых замбирек менен атат» -дейт. Кильюнендин түрк элдеринин тарыхын билбегендиги айдан-ачык көрүнүп турган. Кыргыздар, сарттар, ферганалык түрктөр, ала допучандар, кыпчактар, шаар курдурганы алып келген перстин тукумдары,Чыңгыз хандын тукумдары, тажиктер,казактар сырткы душмандарга каршы «Бир жеңден кол чыгарып, бир жакадан баш чыгарып» биргелешип күрөшүп келишкен. Жунгар империясы казак,кыргызды сүрүп Ферганага кирип келгенде чогуу кубалап чыгышкан. Ошол мезгилде кыргыздар талашып-тартышпай эле «Анжианда досум бар, ал да менден шалаакы, Бухарада досум бар, бу менден шалаакы» дешип, Анжианды мекендеп турушкан. Кильюнендин теориясы боюнча анда Анжиан деле биздин жерибиз болуп калып атпайбы. Кыргыздар байыркы көчмөн эл болгондуктан Борбордук Азияда, Алтайда көчүп –конуп эле жүрүшкөн эмеспи. Көчүп конгон жерибизди талашып отурсак, анда Россиянын Алтайы, Кытайдын Чыгыш Түркстаны, Казактын Ала-Таусу, Өзбектин Ташкенге чейинки жерлери бизге тиешелүү болуп атпайбы. Ансыз деле чүрчүттөр мындан миңдеген жылдар мурун Каспийге чейин колу жетип турган экен, Мао-Цзе-Дундун шовинисттик саясатчылары Кытайдын географиялык картасын түзүшкөндө Каспийге чейин өз аймактары деп эсептешкен эмес беле. Албетте, Ошто сарттар жашагандыгы үчүн өзбектер өзүнүн жери деп эсептешсе, кыргыздын кээ бир саясатчылары ала топучандардын кыпчак спикери менен жең ичинен соодалашып, Кыпчак автономиясын түзөбүз деп, кыргыздын жерин Өзбекстанга оодарып жибергени тууралуу тарыхий маалыматтар бар. Кыпчактардан шору каткан шоркелдей баягы эле Иосиф Сталин Кыпчак автономиясын түзүүгө макул болбой, кыргыз калкы жерлери менен Өзбекстанда кала берген. Каякта эми ошол жүз миңдеген кыргыз калкы? Бир кылым өтүп өтпөй өзбектерге сиңип кетип баратат. Ал жактагы кыргыздар биздеги өзбектерчилеп министр, губернатор, депутат болгонду кой, бир районго аким болгондору бар бекен? А бизде болсо ала топучан ашыналарды чалчактатып, байлыгын ашырып –ташытып, бийликке жулунтуп атабыз. Кыргыз жергесинде эле байып алган ала топучандар кыргыздарды  кемсинтип мамиле кылган учурлары жок деп ким айта алат? Өзбекстандагы кыргыздарды тим эле коёлу, момун кыргыздар тоо этектеп кетишип, шаарлардагы орчундуу, капчыктуу жайларды Акаевдин убагында эле  «Кыргызстан-жалпыбыздын үйүбүз» -дешип өзбектер менчиктештирип алышканын ким танат? Ошолордун бири Кадыржан Батыров эмеспи.

 Кильюнен мырза кокус кыргыздарды жоопко тарттыра турган болсо, Нүзүп аталыктан баштасын деген кеңешибизди берет элек. Себеби, ал жээни Шералынын кой бактырып коюп, убагы келгенде ферганалык түрктөрдү, ала топучандарды, сарттарды тебелеп өтүп, Кокондун ханын алып берип, өтүгүн хан сарайга илдирип коюп атпайбы. Ал эми азыркы өзбектерге тийишкен адамдарды эле жоопко тарткысы келсе Искендер Зулкарнайндан, европалыкча Александр Македонскийден башташ керек. Анан Чыңгыз ханды кошуш керек. Булар Бухара, Самарканга чейин келишип рахаттанышып, «ойноп» кетишчү. Арийне, 2010- жылы Кокон, Бухара, Самарканда өзбек калкы геноциди жок тынч эле жатышты. Бир гана байлык менен бийликке көпкөн Кадыржон Батыров баштаган «гангстер» авантюристтер эки ынтымактуу элдин ортосуна от жагышып коюп, эми өздөрү кыргыздарга түртө салып атышат. Өзбектер деле биз сыяктуу мусулман, асманда кудай калыс болсо, алар деле калыстыкты айтышар. Кильюненге окшогон капырлар келжирей беришсин.

Эмнеси болсо да Ош жаңжаалы боюнча жыйынтыкты атайын түзүлгөн комиссия айтар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости