www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан муниципалдык жер мыйзамсыз пайдаланылып келгени аныкталды.

Башкы прокуратура билдиргендей, А.Сүйөркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын жашоочусу Р.К. Арал участкасындагы 0,18 га муниципалдык жерди мыйзамсыз тосуп алып, жеке максатта пайдаланып жүргөн.

Райондук прокуратура айыл өкмөт башчысына прокурордук чара көрүү актысын берип, анын негизинде жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кабыл алынган.

Ошондой эле райондук прокуратура 0,18 га жер тилкесин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана томолой жетим балдарга турак жай куруу үчүн бөлүп берүүнү талап кылган.

Жыйынтыгында А.Сүйөркулов айыл өкмөтү тарабынан ата-энеси жок А. уулу М.га 0,09 га жана 1-топтогу майып С.Р.га 0,09 га жер берилип, Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости