www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министрлик жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлик кызмат орундарына Эльвира Сурабалдиева менен Аида Исмаилованын талапкерлиги каралууда.
Төраганын орун басары Мирлан Бакиров Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлик кызмат орунуна сунушталып жаткан Аида Исмаилованын буга чейинки ишмердүүлүгүн сынга алып:
«Сиз Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кетип жатасыз. Бул өтө оор кызматтардын бири. Ал жерде жаш жөлөк пул алган баладан тартып аксакалга чейин бар. 600 миңден ашык бала жөлөк пул алат, 1,5 миллион, башкача айтканда 23% жакыр жашаган калкыбыз бар. Булардын баардыгынын тагдырын, келечегин мен сиздей министрге тапшырып бере албайм. Мен сизге каршы добуш берем»,- деди Мирлан Бакиров.
Булак: NazarNews.kg