www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Мирлан Исакбекович, “Өнүгүү фракциясы шайлоодо элдин алдында берген убадаларын канча пайызга аткара алды деп эсептейсиз?

--Учурда парламентке шайланып келгенибиздин үчүнчү жылы башталып жатат. Шайлоодон бери бир топ убакыт өттү. Ар бир партия өзүнүн реалдуу убадаларын берип элден добуш алып келет. Парламентке келгенден кийин убадалардын аткарууга аракет жасайт. Бизде азыр коалициялык өкмөттүн ичине кирип, бекитип жаткан программасынын ичине партиянын программаларын аткарганда элге берген убадалар толук аткарылат деп ойлойм. «Өнүгүү - Прогресс» фракциясы жаңылбасам бир жылдын эле коалицияда болду. Ошол убакыттын ичинде МТСтерди ачуу демилгесин көтөрүп ишке ашырдык. Темир Сариев өкмөттү башкарып турганда бул программа ишке ашып ар бир айыл өкмөт МТС ачсын деген милдеттенме коюлган. Андан башка билим берүү медицина боюнча көп ой-пикирлер айтылган. Аны мыйзам жүзүндө дагы аткарууга аракет жасап жатабыз. Айыл-чарба боюнча бир топ жумуштарды көтөрүп чыгып, буйруса талкууга алып чыгабыз. Бул ИДПны көтөрүүгө чоң түрткү болот. Алдыда убадаларды аткарууга убакыт бар. Негизинен убадаларды аткарыш үчүн коалицияда болуш керек. Эгерде баа менен өлчөй турган болсок биздин партия убадаларынын аткарылуусун «4» деген баага аткарды деп айта алам.

Булак: "Де-Факто"

Последние новости