www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Саясатта баары эле Текебаевдин куурчактары экен, көрсө», - дейт мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев.
Анын айтымында, саясаттагы оюнда Өмүрбек Текебаевдин айткандары гана болот.
«Мен Атамбаевдин командасы менен парламенттке депутат болуп келгем. Бирок депутаттык мандатымды бир жылга жетпей ташпырып берүүгө аргасыз болдум. Анткени саясат меники эмес экендигин түшүндүм.
Атамбаев деле ошол кезде Асылбек Жээнбеков менен Иса Өмүркулов менен сүйлөшүп алып, аларды эле угуп калаган. Бизди такыр уккан кези болгон эмес. Мен ошол кезде Жээнбековдор сизди сатып кетет эртең эле» - дегенде «кайдагы жок нерселерди айта берет экенсиң» деп кагып салган.
Бирок, Жогорку Кеңештеги эң чоң катачылыгым Өмүрбек Текебаевге асылганым болду. Ошол кезде Асылбек Жээнбековдор менин Текебаевге каршы чыгып жатканымда «туура, сен айтпасаң ким айтмак эле» деп, бирок өздөрү кийин анын тарабына өтүп кетти. Мага колдоо көрсөтпөй сатып кетишти.
Бирок, саясатта баары эле Текебаевдин куурчактары экен, көрсө. Ошонун айткандарына баш ийип, артынан чуркай берет»,- деди ал.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg