www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак таңдай акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин өлүмүнөн кийин айтылып жаткан ушак кептерге, акын Мирлан Самыйкожо "Унчукпай коюуга болбой калды. Уу жуткандай болуп, өзөк өрттөнүп турганда ого бетер өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып атышат. Туура түшүнүп, туура маалыматты окуп койгула. Калыстык үчүн жаздым”, деп жооп берди:
--Өлүмдөн да пайда издеген популиссттер! Мурда кайда элеңер? Кечээ кайда элеңер? Ошол күнү кайда элеңер? Биз силерди ал күнү көргөн жокпуз го. Мүмкүн, мен да ошол жерде болчумун десеңер айткылачы. Көзүбүзгө коргошун уюп эле көрбөй калбасак, биз силерди көргөн жокпуз! Ушинтип упай топтоп, калбыр кадырыңарды өстүрбөй эле койбойсуңарбы! Бул силерге саясат эмес! Жасалма күйүмүш болуп, арзыбаган арзан пиарыңарга аралаштырып БУЛБУЛДУН өлүмүнөн пайда издегениңерди токтоткула! Ичинен бышып, ызасы ташып отурган элдин оюн жалган маалымат таратып тескери бурбагыла да.
"Спец больница албай Фучикке жөнөтүптүр" деген карандай калпты кайдан, кантип ойлоп таптыңар? Асылбек Маратов айтты десеңер жаңылыштык. Ал өзү пропуску жок тозоттордон өтүп келгиче тез жардам Фучиктен спец больницага келип калган. Асылбек Фучиктеги больницага эмес спецке келгенде келди. Элмир байкенин үйүнө спец больницанын тез жардамы эмес, 103 тез жардамы чакырылыптыр. Ошол үчүн ал түз эле Фучикке алып барып, андан соң спецке алып келген. Муну күйө баласы Мирзат дагы жалган дебестир. Дарыгерлерди дайыны жок күнөөлөгөн туура эмес деп ойлойм. Алар бул убакытка чейин деле өз камкордугуна алып, татыктуу кызматын кылып келишкенин үй-бүлөсү, бир туугандары жана бизге окшогон жакындары танбайт. Мүмкүн ошол мезгилдерде айрымдарыңар деле акыбал сурап баргандырсыңар, көргөндүрсүңөр. Ден-соолугуна байланыштуу мезгили менен дарыланып келгендиги чындык эмес беле. Анан ошол дарыгерлерди тепкиге алып, күнөөлөгөн туура эмес го. Кандай дейсиңер?
Эми экинчи, дагы бир ойлоп табылган жалганыңар: "Тил майрамында Элмирбекти киргизбей коюптур" деп жазыпсыңар. Мынчалык эле калп айтып кара жаныңарга эмне эле күч келип атат билбейм! Бул жерде Элмирбек байкенин такыр, кымындай да тиешеси жок. Аты да аталган эмес. "Тил мыйзамынын 30 жылдыгына" арналган иш-чарага даярдык көрүлүп жатканда эки акын ырдай турган болуп Азамат Болгонбаев менен Асылбек Маратовду репетицияга чакырып ырдатышып, бирок жыйынтыгында убакыттын узарып жатканына байланыштуу ген прогондо бир акынды кыскарта турган болушуп, айтыштын салты менен улуусун калтырып, кичүү акын Асылбек кыскарып калган. Бул окуя режиссёр Алтынбек Максүтовдун дагы эсинде чыгар. Болгону эле, ошол бир акындын кыскартылганын концерттин сценарийин жазган министрдин орун басары Кайрат Иманалиев кечинде Асылбекке айта албай калып, эртеси эртең менен иш чарага Асылбек келип кире албай калган. Жок, андай эмес десеңер ошондогу Асылбектин таарынып берген маеги менен ыры интернетке жарыяланган. Издесеңер табасыңар. Ойлоп тапканга караганда издеп тапкан адал болот. Бул иште Элмирбектин аты эмес жыты да жок болчу. "Элмирбекти киргизбей коюп анан депрессия болду" деп, калпты чындай айткан божомолуңар болбогон нерсе.
Дагы бир жолу айтам. Өзүңөр ойлоп таап алган жалган маалыматтарды таратып элдин башын айлантканыңарды жана ЭЛдин уулу Элмирбектин өлүмүнөн саясат издеп, упай топтогонуңарды токтоткула! УЯТ! - ЭЛМИРБЕК деген ысым силерге окшогон ой бузарлардын деңгээлинде эмес эле!.. Тынч жаткыргыла! - деп жазган Мирлан Самыйкожо.
Булак: NazarNews.kg