www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушунча болду мен да өз пикиримди билдирип койоюн! Албетте адам өмүрү баарынан кымбат! Бирок, бул нерсени бетке кармап, ашынган сөздөрдөн, кадамдардан алыс болгонубуз оң! Айтайын дегеним ураандарды туура койолу! Аял укугу эмес, адам укугу деп кыйкыралы! Болуп өткөн каргашалуу окуянын себеби, эркек же аял эмес! Чыныгы себеп өлкөдөгү моралдык, материалдык, руханий кризис! Ураанды татыктуу билим, жогорку айлык акы, өнүккөн экономика деп койсок максатка ылайыктуу болот!

Кыздын өлүмүнө себеп болгон зордукчулдун өмүр баянын окуп чыктым. Россияда жүргөндө бир нече кылмыш кылыптыр. Анын ичинде талап-тоноо, уурулук боюнча соттолуптур. Бул жигит жетишпестиктин, жокчулуктун айынан ошол кылмыштарга барды деп ойлойм. Эгер кыргыз төбөлдөрү өлкөнү ушул күнгө чейин жакшы башкарса, татыктуу айлык акы, жакшы, сапаттуу билим берүү болсо, кылмышкер жигит балким татыктуу билим алат эле, балким таптакыр башка инсан болот эле. Башка өлкөлөрдө талаалабай, өз өлкөсүндө жашайт эле...

Өлкөдөгү үй-бүлө көйгөйлөрү, ар түрдүү кылмыштар, аялдарга, жаш балдарга карата зомбулук эркек затын каралоо, бир беткей тыянак чыгаруу менен чечилбейт! Маселени ар тараптуу, кенен ойлонолу! Өлкөдөгү көйгөйлөргө эшекке минип калган экономика, жетишпес айлык акы, муктаждык, кедейлик себепкер! Жарандарды материалдык жактан байытмайын, моралдык жактан байытуу, билимдүү, бакубат коомду куруу мүмкүн эмес!

Ошондуктан маселени ар тараптуу бурмалап, ар максатта колдоно бербейли! Ураандарды туура койолу! Аялды эмес, адамды көтөрөлү! Эркек да, аял да адам, инсан! Экөөнү эки башка кароо эч кандай логикага туура келбейт! Билим берүүнү жакшырталы. Элдерди маданияттуу, түшүнүктүү, сабырдуу болууга үйрөтөлү, үйрөнөлү! Дагы бир жолу айтам! Ураандарды туура койолу!

Мирзахит Мирзаев, жаш саясатчы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости