www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргызстанда Айзада Канатбекованын өлүмү коомчулукта катуу талкуу жаратып, а түгүл Бишкектин борборунда митинг да болуп өттү. Албетте, мындай кыз ала качуу коомго жат көрүнүш. Тилекке каршы Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө ар кандай адам өлтүрүү, кырсык, кылмыштар көп катталат. Бирок, ушул Айзада Канатбекованын өлүмү азыркы бийликке тиш кайрап, ага акаарат айтып, айрымдары оппозиция болумуш болгондор үчүн чырагына май тамгандай эле болду. Өзгөчө адам укугу деп жаш кыздарга тарбия беримиш болуп, “келинизация”, “менин жатыным менин ишим”, “чай куйбайм, төрөбөйм” деген плакаттарды илип, митинг уюштурган бейөкмөт уюмунун, ЛГБТнын өкүлдөрү үчүн асмандан тилегени жерден табылды көрүнөт.

Кайгыдан пайда издеген бейөкмөтчүлөр даяр турган баягы ЛГБТ мүчөлөрү менен биргеликте заматта митинг уюштуруп жиберишти. Макул, аялдын укугу бузулуп жатыптыр дейли. Алар ошону гана айтпастан бийликтин кетишин талап кылып, премьер министр эл менен жолугушууга чыкканда сөз сүйлөтпөй кыйкырып ИИМ министринин отставкасын, а түгүл премьер-министрдин өзүнүн да жана Садыр Жапаровдун да кетишин талап кылып кыйкырып жатышты. Мариповдун жанында элди шыкактаган Улан Усөйүн деген активист сөрөй да жүрдү. Ал да Кыргызстанда кандай гана митинг болбосун ага тиешеси барбы, жокпу дайыма кыйкырып жүргөнүнө эл күбө. Улан Үсөйүндүн ЛГБТ мүчөлөрүн ачык эле коргоп, маек бергени унутта калган жок!

Ал эми митингге чыккандардын арасында мурдагы президен Алмазбек Атамбаевди коргоп жүргөндөрдү да көрдүк. Алар атайын азыркы бийликти, ИИМди күнөөлөп, жаш кыздын өлүмүнөн саясат кылып жатышканы бештен белгилүү болду. Тилекке каршы ушул митингдин активдүү катышуучуларынын бири ИИМдин мурдагы министри, өмүр бою милицияда камыр-жумур болуп жүргөн Мелис Турганбаев азыркы милициянын ишин сынга алышы одоно эле көрүнүш болду. Башкасы сын айтса да ушул, “1-а-класстын окуучусу” Мелис Турганбаев оозун жаап отурса болмок. Ал милиция системасында жетекчилик кызматтарда кийин министрлик креслодо бир топ жыл олтуруп, эч кандай реформа жүргүзгөн эмес жана ошол учурда милициянын кадыр-баркы түшүп, коомчулукта ишеним төмөндөгөн.

Бийликке жетпей калган экс-министрдин эми мынтип сын айтканы кесиптештерине жана коомчулукта өтө эле жагымсыз көрүнүш болду. Кыргыздар айтмакчы, “ичкен кудугүңа түкүрбө” дегендей ушул системада кызмат кылып, убагында генералдыкка жетип, Мелис Турганбаев деген аты чыккан адамдын мынтип сындаганы одоно эле көрүнүш. Албетте, сын болушу керек, бирок айтылган сын да обьективдүү болушу зарыл. Турганбаевдин убагында деле далай кылмыштардын бети ачылбай калганы, ошол кездеги президенттин камчысын чапканы белгилүү. Аны деле казса далай былыктары калкып чыгат. Мисалы, ошол кезде киши колдуу каза болгон, мүрзөдөн сөөгү табылган жаш кыз Камила Дүйшебаеванын өлүмүнүн сыры ачылбай калбады беле?

Бул митингде Кыргызстандан миллиондорду жеп, качып кеткен Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов да кыйкырып жургөнүн көрдүк. Ал Айзаданын киши колдуу өлүмүнө түз эле президент Садыр Жапаровду ачык күнөөлөдү.  Айтмакчы, Атамбаев менен Сапар Исаковдун укугун коргоп жүргөн Нурбек Токтакунов деген адвокат мындан бир нече жыл мурун Бурулайдын ушул сыяктуу өлүмү үчүн митингге чыкканын деле көргөн эмеспиз.

Андан тышкары көпчүлүккө аралашып бир убакта кыйкырып жүрүп, Айыл чарба министри болгон “бадыраң” Тилек Токтогазиевдин карааны көрүндү. Тилек Токтогазиевдин колунан кыйкырып, митингге чыккан эле келет окшойт. Анткени, кыйкырыш оңой, ал эми иштеш кандай татаал экенин жон териси менен сезгендей эле болгон. Аны айыл чарбаны оңдойт деп тажрыйбасы жок болсо да министр кызматына отургузган. Тилек болсо тилекке каршы айыл чарбаны 3-4 айга жетпеген убакыттын ичинде аңга түрттү, иштеп кете алган жок, алсыздыгын көрсөттү.

Ал эми депутат Жанар Акаевдин митингде аялдардын укугун коргоп жүргөнү күлкү келээрлик эле болду. Жакында эле бул депутаттын аялы милицияга күйөөм сабады деп арыз жазып, коомчулукта катуу сынга алынган эле. Аялын сабаган чоң муштум Жанар эми кантип уялбай митингге чыкты деп аргасыз гана күлөсүң! Митингди коюп, адегенде үйүндөгү аялын сыйлап алса!

Кыскасы, Айзаданын өлүмү азыркы бийликке таарынычы барлар, кызматка жетпей калгандар жана камакта жаткан мурдагы президент Атамбаевдин тарапташтары, Батыштан миллиондогон долларларды алып, адам укугу демиш болуп митинг уюштургусу келген НПО менен ЛГБТ өкүлдөрү үчүн абдан мыкты мүмкүнчүлүк болду. Баардыгы Айзаданын өлүмүн бетке кармап, митингге чыгып, азыркы бийликке тиш кайрып, отставка талап кылып, кыйкырып, ичиндеги буктарын чыгарып алышты көрүнөт.

Кыргызстанда жаңы гана туруктуулук орноп, эл тынч жашап келе жатканда ушундай бузукулар кайрадан тополоң чыгарып, революция кылабыз деген тымызын арам ойлору ачык көрүнүп калды. Кыргызстан жалпыбыздыкы.  Эл деген сел экенин, эл чыкса токтото албастыгын күзүндө болгон төңкөрүштө эле белгилүү болгон. От менен ойнобойлу. Албетте, Айзаданын өлүмү өкүнүчтүү! Бирок андан саясат жасабай, азыркы иштеп жаткан бийликке бут тоспой, душмандардын сөзүнө ишенбей, арам ойлору бар айрым ичи тарлардын сөзүнө кирбей тынч жашайлы деген гана ниет.

Элге азыр тынчтык, туруктуулук, сабырдуулук гана керек! Аша чаап, митингге чыгып кыйкырып жүрүп эгемендүүлүгүбүздү жоготуп албайлы! Кыргызстан качан өзү менен өзү кырылышып, жок болоор экен деп тарп аңдыган жорудай сыртта карап турган тышкы душмандарыбызга жем болбойлу, биригели, ынтымактуу бололу!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости