www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чек араны компромисстик жол менен чечүү убакытты, кайра-кайра сүйлөшүүлөрдү талап кылат», - деди бүгүн, 8-апрелде NazarNews агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.

- Ташболот агай, чек араны кандай жол менен чечсек элге да, мамлекетке да пайдалуу болот?

- Негизи чек ара маселесин чечүүнүн дүйнөлүк практикада үч жолу бар. Биринчиси, куралдуу күч колдонуп тартып алуу. Экинчиси, экономикалык, саясий ыкмалар.Үчүнчүсү, компромисстик ийкемдүүлүк.

Биринчи жана экинчи ыкма биздин колубуздан келбейт. Ошондуктан, компромисстик гана жол бар. Менимче, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген комиссия ошондой варианттарды сунуштап жатса керек. Негизи бул жол убакытты, кайра-кайра сүйлөшүүлөрдү талап кылат. Бул ыкмада тараптардын саясий популизм менен шугулданганы зыяндан башка эч нерсе алып келбейт. Ошондой эле, бири-бирине айбат көрсөткөн эки кошуна мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бербейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости