www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бардыгы бирдей той берет. Эгер бир жетекчи, аким, прокурор, салыкчы норманы буза турган болсо, ошол күнү түрмөгө камайм, көрөсүңөр. Бапыратып үйлөнүү үлпөт той берүү үчүн акчаны кайдан алып жатат? Мунун бардыгы уурдалган акча! Тойго 110-120га чейин гана киши чакырылат. Эң көп дегенде 150 киши келип, ал дагы атайын комиссиянын уруксаты менен болот. Башкача той болбойт", — деп президент сөз берди. Президент тыюу салуу менен коррупциянын деңгээлин азайтып, өлкөдө адилеттүүлүк орнотууга жардам берерин кошумчалады. Президент мындай тыюу премьер-министрге, акимдерге жана башка аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө тиешелүү экенин баса белгилеген.

Жаңы токтомго ылайык, той саат 13:00дөн 14:00гө чейин өтүп, коноктордун саны 120дан ашпашы керек. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аткаминерлердин тойго баруусуна мындай тыюу салганын UzNews порталы маалымдады. "Эгер мамлекеттик автоунааларды чайханалардын алдынан көрсөм иштен алып, кылмыш жоопкерчилигине тартам. Бой көтөргөн премьер келгенде бардыгы ордунан турган көрүнүш элге жакпайт. Эң жакшысы ошол акчага эт алгыла, же муктаждардын үйүн оңдотуп, телевизор сатып бергиле, уяты жоктор десе!" — деп президенттин ачуусу келген. Ал ошондой эле Олий Мажлистин Сенаты "үйлөнүү үлпөтүнө чакырылгандардын санына чейин аныктаган" токтом кабыл аларын айтты. "Бюджеттен айлык алган катардагы киши төрт кызын күйөөгө узатышы керек болсо асынып калып жатат. Анткени башка чара жок. Карызга батышып, ден соолуктарына да кам көрүшпөйт. Үйлөнүү үлпөт үчүн акча топтоп, канча килограмм палоо керек, кандай эмерек алыш керек деп баш катырышат. Биз бапыраган үлпөт тойлорду өткөрүүдөн баш тартуу боюнча аракеттерди көрдүк, бирок ишке ашкан жок", — деди Мирзиёев. Жаңы токтомго ылайык, той саат 13:00дөн 14:00гө чейин өтүп, коноктордун саны 120дан ашпашы керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости