www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында мейманкананын жанынан 5 айлык наристе табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 15-октябрда кечки саат 11лер чамасында милицияга “Элита” мейманканасынын жанынан наристе табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге оперативдүү-тергөө тобу барган. Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгында, С.Р. аттуу бала 2019-жылдын май айында төрөлгөндүгү анык болгон.

Наристенин апасы да табылган. Ал 1986-жылы Өзгөн районунда туулган. Өз көрсөтмөсүндө, ал баласы 1994-жылы туулган А.К. жарандык никедеги күйөөсү экөөнүн ортосунда туулгандыгын түшүндүргөн. Аял күйөөсүн коркутуп коюу үчүн баласын мейманкананын жанына таштап, өзү 20-30 метрдей барып көз салып турган.

Бул факт катталып, иликтөө иштери жүрүп жаткан чагы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости