www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 24-февралда химиялык өнөр жайды реформалоо боюнча жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө өзбек лидери “Ферганаазот” ачык акционердик коомунун мамлекеттик үлүшүн инвесторлорго сатууну тапшырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти. 

Расмий маалыматтарга караганда, буга чейин ишканалардын кирешесин жогорулатуу максатында базар механизмдери киргизилип, баа бычуу эрежеси кайра каралган. Натыйжада химиялык өнөр жай тармагы мурдагы жылга салыштырмалуу былтыр 2,3 эсеге көп пайда тапкан.

Жолугушуу учурунда президент татаал кошулмасы жок айрым химиялык продукцияларды өлкө ичинде өндүрсө боло турганын айткан.

Маалыматка караганда, экспорт үчүн колдонулган жабдуулардын 60% эскирген, энергиялык чыгым нормадан 2-3 эсеге көп.

Өзбекстанда көз карандысыз талдоочулар мунайгаз жана химиялык өндүрүш объектилерин чет өлкөлүк инвесторлорго сатуу жараяны ачык-айкын жүрбөгөнүн сындап келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости