www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шавкат Мирзиёев 15-октябрда видеоселектордук жыйын өткөрүп, пара алып жаткан жеринен кармалган акимдердин орун басарлары жөнүндө айтты.

Аталган өлкөнүн президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ташкент облусунун Кибрай районунун акиминин орун басары 35 миң доллар, Ташкент акимчилигинин алдындагы жер башкармалыгынын башчысы 1,4 миллион доллар, Мархамат районунун башчысынын орун басары 29 миң доллар жана Бувайдин районунун акиминин орун басары 20 миң доллар пара менен кармалган.

Ошондой эле «Өзбекстан 24» телеканалы билдиргендей, бул аткаминерлер ишкерлерге жер берүү үчүн пара талап кылышкан.

Эске салсак, Ташкент облусунун Аккурган районунун акиминин орун басары А.Туймачев жана кадастр башкармалыгынын башчысы И.Карабаев 18-мартта 1,5 гектер жерди 1500 долларга сатуу учурунда кармалган.

Ал эми Ташкент облусунун Бостанлык районунун акиминин орун басары З.Мирзахожаев 5 гектар жерди 25 миң долларга сатып жаткан маалда колго түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости