www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирзиёевдин сапарынын алдыда Анжияндагы эски жайлар оңдолууда

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев бир нече маалеге күтүүсүз баргандан кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз аймактарындагы айылдарды оңдой баштады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Президенттин келүүсү күтүлгөн Анжиян облусундагы шаарлар менен айылдарда шашылыш түрдө жолдор оңдолуп, дубалдар сырдалууда. Облус башчысынын буйругу менен бул иштерге бюджеттик кызматкерлер тартылып, каражат мамлекеттик мекемелер менен банктардан алынууда.

Айрым маалыматтарга караганда, Мирзиёев Анжиян облусуна боло турган сапарынын алкагында Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Азырынча президенттин бул аймакка сапары качан болору расмий кабарлана элек.

Акыркы кездери Шавкат Мирзиёев бир нече жолу облустардагы маалелерге күтүүсүз барып, конуштардын абалын сынга алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости