www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын август айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Казакстанга мамлекеттик сапар менен барат. Ал Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин биринчи сессиясына катышат. Бул тууралуу “Казинформ” агенттигине берген маегинде Казак парламентинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Айгүл Куспан билдирди.

Куспан Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык акыркы беш жылда жандана баштаганын белгиледи. Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттери дээрлик жыл сайын жолугушуп, ар бир жолу маанилүү келишимдерге жетишишет. Маанилүү документтердин бири «Альянстык мамилелер жөнүндө» келишим. Бул документ Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда Жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзүүнү карайт.

«Кеңештин биринчи отурумун Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 8-августунда Астанада өткөрүү пландалууда», - дейт Айгүл Куспан.

Келишимге Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери 2022-жылы декабрда Ташкентте кол коюшкан. Бул эки өлкөнүн кызматташтыгынын эң жогорку деңгээли.

Документ эки өлкөнүн кызматташтыгынын бардык тармактарында – соода, инвестиция, өнөр жай, фармацевтика, айыл чарба, курулуш, транзиттик потенциал жана транспорттук логистика боюнча кызматташууну бекемдөөгө багытталган.

Мындан тышкары, макулдашууга ылайык, тараптар куралдуу кол салуу коркунучун жоюу жана аймактык чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салууда ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн чукул консультацияларды өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

«Эсиңиздерде болсо, 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыгып, адамдар каза болгон. Мындай жагдайларда Казакстан менен Өзбекстан токтоосуз кеңешип, тынчтыкты калыбына келтирүүгө кандай жардам бере тургандыктарын макулдашат. Мындан тышкары, келишимде табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча өз ара жардам көрсөтүү каралган», - дейт Куспан.

Бул документти ратификациялоо тууралуу жарлыкка Шавкат Мирзиёев былтыр ноябрда кол койгону белгиленген. Казак тарап аны жакында ратификациялайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости