www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Чүй облусунда электромобилдерди чыгаруучу заводдун жана Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушу боюнча бир катар суроолорго жооп берди.

– Каныбек мырза мына бүгүн Чүй облусуна электромобилдерди чыгарган заводдун курулушуна капсула салдыңыздар. Бул завод качан бүтүп ишке кирет?

– Кудай буюрса август айында биринчи электромобилдерди чыгарып баштайбыз деп аракет кылып жатабыз.

– Заводдун кубаттуулугу кандай болот?

– Толук кандуу иштеп баштаганда жылына 80 миң авто унаа чыгарганга мүмкүн болот.

– Август айында толук кандуу иштеп баштайбы ошондо?

– Август айында биринчи авто унаалар чыгып баштайт. Эмдиги жылы буюрса толук кандуу иштеп калат.

– Сурайын дегеним Асман шаарындай болуп токтоп калбайбы?

– Асман шаары май айында башталат. Токтоп калды деген туура эмес. Андан бери кагаз иштери жүрүп жатат. Инвесторлор тараптан техникалык-экономикалык негиздемесин кайрадан иштеп чыгалы деген сунуштар болуп, ТЭНсин кайрадан жасап жатышат. Азыр бүтөйүн деп калышты. Май айынан тарта инфраструктурасы башталат. Президент капсула салган бир дагы иш токтогон жок. Үч жылдан бери асты бүтүп, арты курулуштар башталып атат. Өзүңөр көрүп атасыңар. Мына Бишкек шаарында 40 миң киши бата турган стадиондун курулушу башталып атат. Буга бир миллиард сом бөлүнүп берилди. Жакында Барселона стадиону менен шаарчасы башталат. Ар нерсенин өзүнүн бүтчү убагы болот да. Кичине сабыр кылып туралы.

Булак: vb.kg

Последние новости