www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров бүгүн, 28-февралда, Чүй облусунун Сокулук районунда автоунаа чогултуу жана сатыкка чыгаруу боюнча ишкананын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, жеңил жана коммерциялык автоунааларды, атайын техникаларды чогултууга, транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка чыгарууга багытталган.

"Ишкана Кыргызстандын министрлер кабинети, жергиликтүү ишканалар жана China Hubei Zhuoyue Group кытай компаниясы менен биргеликте курулат. Биринчи этаптагы инвестициялык көлөм 115 миллион долларды түзөт. Ишкана жылына 80 миңден ашуун автоунаа чыгармакчы", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчы жүргүзүлүп жаткан инвестициялык саясат, анын ичинде салык жеңилдиктери инвесторлор үчүн жагымдуу жагдайларды жаратып жатканын айтты. Президент бул инвестициялык долбоор республиканын автоунаа өнөр жайын өнүктүрүүгө, ички дүң продукциядагы бул тармактын үлүшүн арттырууга жана кошумча жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болорун белгилеген.

"Автоунааларды чыгаруу, импортко тетиктерди өндүрүү жана эл аралык сооданы өнүктүрүү жолу менен Кыргызстандын улуттук автомобиль брендин түзүүгө максат коюу керек", — деген Жапаров.

Ал эми Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь долбоорду ишке ашыруунун башталышы эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн натыйжасы болуп саналарын айткан.

Заводду үстүбүздөгү жылдын август айында ишке киргизүү пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости