www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкентте транспорт тармагындагы гендердик теңчиликти камсыз кылуу максатында аялдарга да чоң автобустарды (электробустарды) башкарууга уруксат берилди. Бул тууралуу "Тошшахартранс" ачык акционердик коому билдирди.

Кыз-келиндерге чоң автобустарды жана электробустарды башкарууга расмий уруксат берилгенден кийин Наргиз Гадаева менен Саодат Шерматова жүргүнчү ташуучу автобустун айдоочусу болуп иштөөнү чечишкен.

Учурда эки аял тең практикалык окуудан өтүүдө.

Мурдараак Өзбекстандын министрлер кабинети аялдарга салмагы 2,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларды же 14төн ашык жүргүнчүсү бар автобустарды башкарууга уруксат берген токтом чыгарганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости