www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө байланыштуу нааразылыктарга комментарий берип жатып, “бул иш жылдар бою чет өлкөлөрдөгү ниети бузук күчтөр тарабынан даярдалып келгенин” билдирди.

Бирок ал кайсы бир өлкөнүн атын атаган жок.

Президенттин айтымында, мунун максаты “Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүн бүлгүнгө учуратуу жана улут аралык жаңжал чыгаруу” болгон. Ал Нукустагы окуяларды иликтөөгө коомчулук өкүлдөрү жана активисттер тартыларын белгиледи.

Буга чейин Евробиримдик, Amnesty International, АКШ жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 18 кишинин өмүрүн алган Каракалпакстандагы кайгылуу окуяларды ар тараптуу, бейтарап жана ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

Мирзиёев тергөө толкундоолорду басуудагы аскерлердин кадамын да баалай турганын айтты.

“Бул баскычта күч түзүмдөрүнүн аракети да тыкыр иликтениши керек. Эгер алар негизсиз күч колдонсо, азыркы мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш”- деген президент.

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти, 243 киши жаракат алганы расмий айтылган. 516 киши кармалганы белгилүү болду.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстан Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости