www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 16-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы жазды.

Эки өлкөнүн президенттери Өзбекстан менен Россиянын ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биргелешкен Долбоордук кеңсенин алкагында өз ара сооданы өнүктүрүү, алдыңкы ишканалардын өндүрүштүк кооперациясын тереңдетүү, артыкчылыктуу тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурдук.

Эл аралык «Иннопром. Борбордук Азия» көргөзмөсүн жана Өзбекстан-Россия региондор форумун өткөрүүнүн маанилүүлүгү да баса белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости