www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-февралда Бишкектин 5-кичи районунда үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды.

Маалымат булактары билдиргендей, ал УКМКнын 9-кызматында (Мамлекеттик күзөт кызматы) эмгектенип пенсияга чыккан. Бирок бул кызмат УКМКнын структурасына киргени менен аткарган иштери боюнча такыр башка мекеме болуп эсептелет. УКМКнын кызматкерлерине коюлган талаптар 9-кызматтын кызматкерлеринен алда канча бийик турат.

Ал 2005-2021-жылдар аралыгында жөнөкөй кызматкерден жетекчилик кызматтарга чейин аркалаган. Аскердик наамы — майор. Жогорку Кеңештин имаратын кайтарып иштегени да айтылды.

Мындан сырткары, 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткен округу боюнча талапкерлигин койгон. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча жеңишке жетип, бирок кийинки эсепте экинчи орунга түшүп калган.

2019-жылы аскердик кармаш урушу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль утканы белгилүү. Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталган.

Социалдык тармактардагы маалыматтарга ылайык, шектүү Кыргызстандын "Дене тарбия жана спортунун мыктысы" төш белгисинин ээси. Аскердик кармаш урушу жана өзүн-өзү коргоо федерациясынын башкы машыктыруучусу. Кармашып урушуу боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери. Эл аралык категориядагы калыс. Кыргызстанда эл аралык турнирлерди уюштуруп келген.

Кармашып урушуу боюнча окуу куралдарын жана патриоттуулук туурасында китептерди чыгарган, мекен, сүйүү темаларында ырларды жазып жарыялап келген.

Кылмышка шектелген А.Ч.К. Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган, 37 жашта, үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында юриспруденция факультетин, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Мамлекеттик башкаруу жана саясат факультетин аяктаган.

Эске салсак, кечээ, 16-февраль күнү саат 21:00дөр чамасында милицияга борбор калаанын 5-кичи районунан үч адамдын — 1972-жылы туулган аялдын, 2005-жылы туулган кыздын жана жаш баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк апасы жана анын эки баласы (кызы жана уулу) каза болгону белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости