www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Мирзиёевдин катында шайлоочулардын жогорку активдүүлүгү жана добуш берүүнүн жыйынтыктары коомчулуктун Владимир Путиндин саясатына жана социалдык-экономикалык реформалар программасына болгон ишениминин жана күчтүү колдоосунун дагы бир ачык далили болгондугу белгиленген.

Өзбекстандын лидери Россиянын Президентине чың ден соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик түзүлүштө зор ийгиликтерди, ал эми Россия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Эске сала кетсек, буга чейин Путин 87,32% добуш алып, отчеттордун 99,67% саналып бүткөнү маалымдалган. Евробиримдик кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Орусиядагы шайлоо күнү Путинди жеңиши менен куттуктады. Шавкат Мирзиёев 21-февралда Казанда орус лидери менен жолугушууда Путиндин жеңишине ишенерин билдирип, шайлоодон кийин алгачкы сапарлардын бирин Өзбекстанга жасоону сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости