www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыз-келиндердин жүзүн толук жаап туруучу кийим кийип жүрүшүнө каршы экенин билдирди. 15-мартта Атырау шаарында өткөн Улуттук курултайда сүйлөп жатып ал жоолукту ошентип салынууну радикалдуу таңуулоо аракети деп атады.

“Соңку жылдары эл ичинде кара кийинип, чүмкөнүп жүргөн адамдар пайда болгону баарыңарга маалым. Алар – бөтөн эмес, өз жарандарыбыз. Элибиздин дүйнө таанымында кара кийим кийүү деген түшүнүк болгон эмес. Бул имитациядан жана ашкере динчилдиктен жаралган процесс. Биз өз салтыбыздан ажырабашыбыз керек. Радикалдуу неофиттер элибиздин каада-салтында болбогон кийим аркылуу коомго жат диний идеалдарды таңуулоого аракет кылууда. Бул биздин салттуу концепцияларыбызга жана баалуулуктарыбызга ачык кол салуу болуп саналат. Биз ата-бабаларыбыздын миңдеген жылдык диний таалимдерине жана руханий багыттарына таянышыбыз керек", - деди казак президенти.

Токаев мамлекеттин руханий көз каранды эместигин сактап, аны бекемдеш үчүн түрк элдеринин, анын ичинде казактардын көпчүлүгүнүн салттуу дини – сунни багытындагы ханафи масхапына көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.

Казакстанда 2019-жылы жүргүзүлгөн изилдөө калктын 92,8% өзүн диний адам деп эсептей турганын көрсөткөн. 2009-жылдагы эл каттоодо динге ишенген адамдардын 70% мусулман экенин, көбү ханафи масхабын тутарын айтып беришкен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости