www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитинде сүйлөгөн сөзүндө түрк элине кайрылып, түрктөрдү келе жаткан шайлоодо азыркы президент Режеп Тайып Эрдогандын талапкерлигин колдоого чакырды. 

«Бардык боордош элдерибиздин атынан мен түрк элин алдыдагы шайлоодо урматтуу Режеп Тайып Эрдогандын талапкерлигин толук колдоого чакырам. Муну биз бүгүн кабыл алып жаткан Анкара декларациясында чагылдырууну туура деп эсептейм, анда биздин жалпы пикирибиз айтылат», - деди мамлекет башчысы.

Казакстандын жана Кыргызстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Садыр Жапаров өз сөзүндө Эрдоганга шайлоодо ийгиликтерди каалашты.

Түркияда президенттик шайлоо 14-майга белгиленген. Эрдогандын атаандашы Түркия оппозициясы бирдиктүү талапкер катары көрсөткөн Республикалык элдик партиянын (CHP) 74 жаштагы төрагасы Кемал Кылычдароглу болмокчу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости