www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канаданын Эдмонтон шаарында эки полиция кызматкери үй-бүлөлүк жаңжал учурунда каза болду, катышуучулардын бири патрулдук милиция кызматкерлерине ок атуучу курал колдонгон. Бул тууралуу 16-мартта CBC телеканалы билдирди.

Тартип коргоо кызматкерлери чакыруу боюнча келген батирге жакындаганда эле окко учкан. Алардын курал менен жооп кайтарууга мүмүкүнчүлүктөрү болгон эмес. Киши өлтүрүүгө шектүү өз жанын кыйса, үйдөгү аял оор жаракат алган.

CBC News агенттигинин булактары - кылмышка шектүү 16 жашта, ал эми жаракат алган аял жигиттин апасы экенин билдирди.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо кырсыкка байланыштуу полиция кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости