www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 17-18-август күндөрү мамлекеттик сапар менен Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов 15-августта билдирди.

Анын айтымында, Мирзиёев Сауд Арбиясына бул өлкөнүн падышасы Салман бен Абдел-Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен барат.

Сапардын программасына ылайык, эки өлкөнүн башчылары Өзбекстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү маселелерин талкуулайт.

"Сапардын жүрүшүндө "жашыл экономика", жогорку технологиялар, санариптештирүү, инновация жана ишкерлик тармактары боюнча эки тараптуу документтер топтомуна кол коюлат деп күтүлүүдө", – деди Асадов.

Мирзиёев Сауд Арабиясына болгон сапарынын алкагында Мекке жана Медина шаарларына да барат.

Өткөн айда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сауд Арабиясына болгон сапарында кичи ажылык (умра) зыяратын аткарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости