www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда салык төлөөчүлөр текшерилет

Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов райондук салык кызматынын жетекчилери, акимдердин орун басарлары жана бажы кызматынын оштогу бөлүмүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Өкүлчулүктөн билдиргендей, жолугушууда Жамалдинов салык жыйымдарын көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды күчөтүү зарыл экенин айтты.

“Салык кызматы ири салык төлөөчү ишканаларды тыкыр текшериңиздер. Айрым райондордо бул жаатта жетишерлик жумуш жүрбөй жатат. Ири ишканалардын айрымдары салыктан качып, суммаларды аз көрсөтүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан алардын ар бирин текшерип, көмүскө экономиканынкөрсөткүчүн азайтуу зарыл”, - деди Зиядин Жамалдинов

Мындан сырткары, сезондук иш алып барган ишканаларды текшерүү, бажы төлөмдөрүн да көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости