www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мишустин:

Орус премьер-министри Михаил Мишустин Батыштын болуп көрбөгөн санкцияларынан улам Орусия соңку 30 жылдагы эң оор кырдаалга туш болуп жатканын айтты. Ал 7-апрелде парламентте отчет берип жатып, Орусияга баш-аягы 6 миңдей чектөө киргизилгенин белгиледи.

Ошондой эле, Мишустин чет өлкөлөрдүн Орусияны глобалдык экономикадан бөлүп салуу аракети ишке ашпайт деп билдирди. "Биздин финансылык системабыз, бүтүндөй экономикабыздын күрөө тамыры аман калды. Президент, Орусиянын банкы жана өкмөт менен туруктуу байланышта болуп, бирдиктүү аракеттер менен анын кыйрап калышын алдын ала алдык", - деди Мишустин.

Ал чет элдик ишканалар Орусиядан кеткени менен, алар башкаларга орун бошотуп, мүмкүнчүлүк түзүп жатканын да кошумчалады.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Мындан тышкары, Вашингтондун соңку чечими менен Орусиянын эң чоң банктар болуп саналган "Сбербанк" жана "Альфа-банкка" да санкция салынган. Москва Бучадагы кыргынга байланыштуу дооматтарды четке кагып жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости